Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.01.2017 17:09

Айыл турмушу: Базар-коргондук ишкер аймакты кондитердик азыктар менен камсыз кылууда (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылынын тургуну Азизбек Калмурзаев кондитердик азыктарды чыгаруучу чакан цех иштетүүдө. Ишкердин айтымында, ал 2010-жылы таттуу азыктарды бышыруучу мештерди сатып алган.

Учурда ал өндүргөн продукцияларын Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райондорундагы дүкөндөргө таратат. Буга чейин мектеп, бала бакчаларга тендердин негизинде келишим түзүп, аларды таттуулар менен камсыз кылчу. Учурда А.Калмурзаев цехин кеңейтүү максатында жаңы имарат куруу менен алек.

«Буюрса курулушту бүтүрсөм, ондогон адамдарды жумуш менен камсыз кылуу тилегим бар», - деди ал.

Ал 1 кыз, 1 уулдун атасы. 


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×