Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.01.2017 18:16 На русском

Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясы сот чечими чыкканына байланыштуу болбой калды

Turmush -  Бүгүн, 16-январда саат 10:00гө белгиленген Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясы болбой калды.

Үч партия бириккен «Биримдик» коалициясы өткөргөн маалымат жыйында белгилүү болгондой, бүгүн эртең менен саат 9:00дө облустук, райондор аралык соттон шаардык кеңештин ишин 27-январга чейин токтотуп туруу боюнча аныктама келген. Мындан улам бүгүнкү сессия болгон жок. Сессияга «Биримдик» коалициясына кирген депутаттардын бары келген.

Маалым болгондой, КСДП жана «Кыргызстан» партиялары 12-январда шаардык кеңештин жаңы курамынын алгачкы отурумунун мыйзамдуулугун карап берүү боюнча сотко кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы депутаттары 1-сессияга 50 мүнөт кечигишти (толукталды, фото)
12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды (фото, видео)
12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 1-сессиясына келбеген депутаттар мандаттарын түштөн кийин алышты
13.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 1-сессиясын эки фракциянын лидерлери легитимсиз деп билдиришти
15.01.2017КСДП менен «Кыргызстан» Жалал-Абад шаардык кеңештин биринчи отурумунун мыйзамдуулугун карап берүү үчүн сотко кайрылышты (фото, видео)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×