При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Тогуз-Тородогу телемунаранын кызматкерлери жашаган үйгө Алиса аттуу түлкү кечинде да конокко келди (фото, видео)

Turmush -  Тогуз-Тородогу телемунаранын кызматкерлери жашаган үйгө Алиса деп атап алышкан түлкү кечинде да конокко келди. Ал адаттагыдай эле кечээ, 14-январда саат 21:00 чамасында терезени каккылаган.
IMG-20170114-WA0131

Мурда маалымдалгандай, Дөдөмөл айылындагы тоодо жашаган түлкү телемунарада иштегендердин эшигин күн сайын бир маал каккылайт. Ал адамдарга көнүп калды. Бул тууралуу Turmush басылмасына телемунаранын кызматкери Эрлан Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, 10-15 күн мурун алар жашаган үйдүн терезесине түлкү келип такылдата баштаган. Ага алгач терезеден тамак беришкен. Андан 2 күндөн кийин түлкү ачып койгон эшиктен үйгө кирип тамак иче баштаган. Ал жактагылар акылдуу түлкүгө Алиса деген ысым ыйгарып коюшкан.

«Алгач терезеден түлкүгө өзүбүз жеген тамак-аштан берип жүрдүк. Андан кийин үйгө чакырсак кирип келди. Ошондон бери үйгө киргизип тамак бере баштадык. Үйгө киргенден кийин тамак ичет, андан соң сыналгыны же ноутбуктагы видеолорду карап отура берет. Бир маалда өзү эле кетип калат. Бул түлкүнү атпайбыз жана башка бирөөгө бербейбиз деп чечтик», - деди Э.Асаналиев.

Телемунаранын кызматкерлери ошол жерде курулган үйдө жашашат. Алардын айтымында, телемунара жайгашкан тоодо абанын түнкү температурасы -30...-32 градус болуп жатат.

Видеолор

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7763
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу