Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.01.2017 15:02 На русском

КСДП менен «Кыргызстан» Жалал-Абад шаардык кеңештин биринчи отурумунун мыйзамдуулугун карап берүү үчүн сотко кайрылышты (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңештин биринчи отурумунун мыйзамдуулугун карап берүү үчүн КСДП менен «Кыргызстан» партиялары сотко кайрылышты. Бул тууралуу КСДП партиясынын Жалал-Абад шаарындагы лидери Абдилбает Мамасыдыков жана «Кыргызстан» партиясынын лидери Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маалымат жыйында билдиришти.

А.Мамасыдыковдун айтымында, шаардык кеңештин уюштуруу отурумунда одоно мыйзам бузууларга жол берилген. Ал сессияга аталган эки партиянын депутаттары катышкан эмес.

А.Мамасыдыков (оңдо) и Э.Абдыкадыров (солдо)

11
«Биз биринчи отурумду легитимсиз деп эсептейбиз. Мындан улам өз жүйөөлөрүбүздү келтирип, отурумдун мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылдык. Ошондой эле, сот чечими чыкканга чейин шаардык кеңештин ишин убактылуу токтотуп туруу боюнча арыз менен сотко кайрылдык. Анткени, соттун чечими бир топ убакыт өткөндөн кийин чыгат. Бул аралыкта мыйзам бузууларга жол берилип кетпесин деген ойдо кайрылдык», - деди А.Мамасыдыков.

Маалым болгондой, аталган эки партия Жалал-Абад шаардык прокуратурага, облустук райондор аралык сотуна жана БШКга алгачкы өткөн сессиянын мыйзамдуулугун карап берүү боюнча арыз менен кайрылышкан.

«Эгерде биз алгачкы сессияга катышсак, анда маселе башка нукка өзгөрмөк. Шаардык кеңештин төрагасы шайланып, мэрди шайлоо боюнча да маселе каралып калмак», - деди партиянын жетекчилери.

Мурда маалымдалгандай, 12-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын биринчи сессиясында «Биримдик» коалициясы түзүлгөнү жарыяланган. Анын курамына «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата Журт», «Ата Журт» партиялары кирген. Ал эми КСДП жана «Кыргызстан» партиясы оппозицияда калды.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, жыйында шаардык кеңештин төрагасын шайлоо маселеси кийинки сессияга калтырылган.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болгон Майрамбек Адылбеков төраганы шайлоо үчүн 21 мандат болушу керектигин айтып, төраганын орун басарын шайлоо демилгесин көтөрдү. Анын сунушун депутаттар колдоого алышты.

«Биримдик» коалициясынын лидери болуп «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Майрамбек Адылбеков шайланды. Анын талапкерлигин коалициянын курамына кирген партиялардын депутаттары жактырышты.

М.Адылбековдун айтымында, «Биримдик» көпчүлүк коалициясы шаардык кеңештин төрагалыгына жана мэрлик кызматка өз талапкерлерин сунушташат. Азырынча бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Сессияда БШКнын өкүлү Д.Жүндүбаев жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 16 депутатка күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Ал эми, сессияга келбеген КСДП жана «Кыргызстан» партияларынын депутаттары күбөлүктөрүн түштөн кийин алып кеткени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×