Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 14.01.2017 14:05

Тагдыр: Тубаса майыптыктан бою өспөгөн Давран билим алууну токтотпой, үйүн сагынганда Москвадан каалаган күнү учуп келүүдө (фото)

Turmush -  Сузак районундагы Жаңы-Дыйкан айылында төрөлгөн 30 жаштагы Давран Сарыгулов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай ар кандай семинарларга катышып турат. Орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөгөн Давран менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Д.Сарыгулов төрөлгөндөн тартып эле 1-топтогу майып. Мындан улам ал мектепке барбай калган. Бирок өз алдынча окуп, көп нерсени билүүгө умтулган.

«Жети жашымда апам менен мектепке кирем деп бардым. Бирок мектепке кабыл алышкан жок. Ошондо апам мени кучактап алып ыйлаган. Апамдын төккөн көз жашын көрүп, келечекте эң акылдуу жигит болом деп тилек кылгам. Теңтуштарым билген нерсени мен дагы билишим керек деп үйдөн тамга таанып окуп баштагам. Мен алардан да акылдуу болууну кыялданчумун. Жаш кезимде эле орус тилине кызыгып, Орусияга барып жашасам деп максат кылчумун», - деди Д.Сарыгулов.

Ал учурда Россиянын жараны. Москва шаарында жашайт.

«Атам "кыялдар орундалат, кыялдан" деп көп айтчу эле. Ал сөздүн чындыгы бар экенине кийин ынандым», - деди Давран.

Д.Сарыгулов өзү үчүн ар кандай тренинг, семинарларга катышып турат. Ошондой эле, ал психология, ишкерлик туурасындагы китептерди көп окуйт.

«Күн сайын курчутулган балта курч болот дегендей өз алдымча изденип, билимимди өркүндөтүп жатам. Буюрса алдыга койгон максаттарымды ишке ашырууда окуп үйрөнгөндөрүмдү пайдаланам», - деди Давран.

Ал бул жылы сөзсүз үйлөнө турганын, сүйлөшкөн кызы да бар экенин кошумчалады.

«Мен тагдырга нааразы эмесмин, ислам дини менен жашап жатканыма бактылуумун. Биз адамдар кудайдын маңдайыбызга жазганын көрөбүз. Бул жашоодо өзүбүздү таштап койбошубуз керек. Биз жакшы жашаганга милдеттүүбүз. Жашоодо бирөөдөн үлгө алып жашоо керек. Ник Вуйчичтин китебин окуганда өзүмө көп нерсе алдым. Жашоонун жолун билишибиз керек, ал үчүн талбай билим алуу зарыл», - деди Д.Сарыгулов.

Даврандын ата-энеси Жалал-Абаддын Сузак районунда турушат. Ал ата-энесин сагынганда Москвадан Кыргызстанга келип турат.

«Ата-энемди сагынсам эле Москвадан келип калам. Мен үчүн жолдо жүрүү, учуу маселе жаратпайт. Каалаган убакта мекениме келип турам», - деди ал.

Давран үй-бүлөдө бир туугандардын эң улуусу. Үч иниси, бир карындашы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×