Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 13.01.2017 14:45 На русском

Айыл турмушу: Чаткалдык М.Базарбаев 33 жылдан бери 100дөн ашык карышкыр атты (маек, фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылынын 56 жаштагы тургуну Момунбек Базарбаев 33 жылдан бери мергенчилик менен алектенип, 100дөн ашуун карышкыр аткан.

Айылда көзгө атаар Момуш аталган М.Базарбаев Turmush басылмасынын кабарчысына мергенчиликтин сырлары тууралуу айтып берди.

- Сиз мергенчиликти кантип аркалап калдыңыз?

- Мергенчинин үй-бүлөсүндө төрөлүп, өскөндүктөн жаш кезимден эле мергенчи болууну кыялданчумун. Атам Кадыркул элге таанымал мергенчи болгон. Атамдын бир тууган агасы Ашыркул мергенчи Аксы, Чаткал, Талас өрөөндөрүнө таанымал болгон экен. Согуш учурунда Ашыркул агам 3 өрөөндү эт менен багып турган деп айтышат. Алардын мергенчилик өнөрү бизге акырындык менен таасир этип, мен дагы мергенчи болдум. Алгач аңчылыкка 8-класста чыккам. 1983-жылы аскерден келип, мергенчиликти уланта баштадым.

- Мергенчи болуш үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек?

- Кээ бир адамдар мергенчи болуу оңой деп ойлошот. Мылтык кармап, тоого чыккандын баары эле мергенчи эмес. Бул иштин дагы тоодой түйшүгү бар. Эң алгач куралды пайдаланганды билиш керек. Тоодо жүргөндө карышкыр атууга камданганда алгач шамалдын багытын аныктап алуу зарыл. Талаадагы жаныбарлар өзгөчө жыт сезгич болушат. Алар адамдын жытын билсе качып кетиши мүмкүн. Мындан сырткары, адам тез кыймылдашы керек. Бул иш чыдамкайлыкты дагы талап кылат. Эгер шамдагай болбосоң мергенчилик оңунан чыкпай калышы мүмкүн. Тез ой жүгүртүү дагы өзгөчө мааниге ээ. Мергенчи эпчил дагы болушу керек.

- Сиз башка адамдарга карышкыр атуунун сырларын үйрөтөсүзбү?

- Чаткалда көп эле адамга аңчылык кылууну үйрөттүм. Азыр дагы шакирттерге үйрөтүп жатам. Мисалы, мергенчи карышкырга тузак коюну билиши керек. Айрым адамдар тузак койгонду билбейт. Тузак карышкырга, чөөгө, жапайы жаныбарларга коюлат. Аларга сүйрөтмө байлап коебуз. Эгер карышкыр тузакка түшсө сүйрөтмөнү сүйрөп кетет. Биз ошону кууп барып кармап, атып алабыз. Тузакты жырткычтардын жолун аныктап анан коюш керек. Эгер башка жакка койсоң, алар тузакка түшпөйт. Шакирттерим менен аңчылыкка чогуу чыгабыз. Мен билгендеримди үйрөтүп, алар бул ишти жакшы өздөштүрүп калышты.

- Мергенчилик сизге эмнеси менен жагат?

- Бул иштин аркасы менен тоолордо таза абада дем алып жүрөм. Рахат алам десем да болот. Мергенчилердин ден соолугу чың, чымыр денелүү болушат. Күн сайын 30-40 чакырым жол басууга туура келет. Алар дайым кыймылда болуп, көп жашашат. Таза эт жеп, таза суу ичишет.

- Мергенчилерди айрым адамдар жаныбарларды аткан зыянкеч деп айтып келишет. Сиз аны кандай кабыл аласыз?

- Биздин эмгек элге көрүнбөйт. Биз элдин жылкысын жеп, зыян келтирген карышкырларды атып жок кылып келебиз. Бирок, аны адамдар баалабайт. Эгер карышкыр 1 бээни жеп кетсе ээси 50 миң сомго зыян тартат. Мергенчи карышкыр атса ага 1000 сом да берилбейт. Мергенчилерди зыянкеч дегендердин пикирине кошулбайм. Биз элди коргогон адамбыз. Эгер мергенчи жок болсо жырткычтар элдин малын жеп, өздөрүнө да коркунуч жаратат.

- 33 жылдан бери мергенчилик менен алектенет экенсиз, канча карышкыр аттыңыз?

- Жыл сайын жок дегенде 1 карышкыр атам. Кээ бир жылдары 5 карышкыр аткан учурлар болгон. 33 жылдын ичинде 100дөн ашуун карышкыр аттым. Атылган чөөлөр мындан көп. Мен көбүнчө жырткыч жаныбарларга аңчылык кылам. Ошол себептен карышкыр, чөөлөрдү көп атам.

- Мергенчилик кылууда кызык окуялар болобу?

- Аңчылык кылуунун өзү кызыктуу. Мисалы, көп мергенчи биригип, бир чөөнү ата албай, качырып жиберген учурлар болот. Абдан күлкүбүз келет. Айрым учурларда тоолорду аралып жүрүп, адашып кетебиз. Кышында карышкырларды ат менен кууп, тирүүлөй кармап алабыз. Мунун баары кызыктуу да.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×