Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.01.2017 16:02

Кара-Көл шаарынын мэри 25-январда шайланат

Turmush -  Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо күнү 25-январга белгиленди. Аталган маалыматты БШКнын Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Азамат Ажыканов кабарчыга билдирди.

«Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын токтомунун негизинде шаардын мэрин шайлоо күнү ушул жылдын 25-январына коюлду. Бүгүн бул тууралуу токтом келди. Эртеңден тарта Кара-Көл шаарынын мэрине талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталат», - деди А.Ажыканов.

Талапкерлерди каттоо 20-январга чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×