Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 10.01.2017 12:40 На русском

Айыл турмушу: Токтогулда француздардын хорсбол оюну популярдуу болууда (фото)

Turmush -  Токтогул районунда акыркы 3 жылдан бери хорсбол (Horseball) оюну уюштурулуп жатат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Орто Азиядагы хорсбол боюнча федерациянын президенти Мунарбек Кулданбаевдин айтымында, бул оюн Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылган.

«Туризм тармагында иштегендиктен бул оюнду француздардан үйрөндүм. Биз бул ат оюнун Кыргызстанга жайылтуу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Хорсбол негизинен кыргыздын көк бөрү, тыйын эңмей жана кадимки баскетбол оюндарына окшоп кетет. Бул оюндун башка оюндардай эле өзүнүн эрежелери бар. Көк бөрү оюнундай эле буга дагы атайын талаа керек. Талаага кадимки баскетболдун торуна окшогон топ салуучу казына орнотулат. Атчандардан түзүлгөн 2 команда атты чаап бара жатып, баскетбол оюнундай топту казынага салуу керек. Бул оюн команда менен иштөөнү жана ыкчам кыймылды талап кылат.

Ал эми чабандестер жерге түшкөн топту ыкчам эңип алуу менен топ салуучу казынага жеткиче бири-бирине пас берип алып барууга аракет кылышат. Ошол эле учурда 2-команданын чабандестери топту казынага салууга тоскоолдук кылуу менен алардан топту талашып, топту казынага салдырбаганга аракет кылышат. Оюн ушинтип жүрүп отуруп, белгиленген убакытта ким казынага көп топ салганы эсептелип, жеңүүчүлөр аныкталат.

Учурда биздин райондо 4 команда түзүлүп, оюндарды маал-маалы менен уюштуруп жатышат. Бизде европадагыдай ат кармоо түйшүгү жокко эсе. Учурда айыл жеринде ар бир 2-үйдө ат багышат. Андан дагы улуттук ат оюндардан көк бөрү оюну өнүгүп жаткан учур. Бул оюнга убакыт дагы тапса болот. Эч кандай кыйынчылык деле жок. Болгону команда түзүп, оюндун эрежелери менен таанышып, үйрөнүп оюнга катышып турушса болот», - дейт ал.

М.Кулданбаев хорсболл оюну Европада популярдуу болуп жатканын белгиледи.

35

«Бул оюнду өз өлкөбүздө өнүктүрүп алсак ашыкча болбойт. Анткени анын келечеги бар, дүйнө жүзүндө өзүнүн аудиториясы жакшырып келе жатат. Жыл сайын Голландия, Франция өндүү мамлекеттерде бул оюндун эл аралык мелдештери өткөрүлүп турат. Биз келечекте кыргыздардан түзүлгөн командаларыбыз менен эл аралык мелдештерге барып катышсак деген чоң максатыбыз бар. Буюрса аны аткарабыз деп турабыз. Ал үчүн биз бул оюнду өз жерибизде өнүктүрүшүбүз керек. Бир четинен бул дагы кыргыздын атын таанытууга чоң мүмкүнчүлүк болот. Экинчиден бул спорт аркылуу туристтерди дагы тартууга шарт түзүлөт. Буюрса ушул жылдын февраль айында Токтогул районунда федерациянын алгачкы мелдеши өткөрүлөт.

Бул мелдешке Франциядан атайын хорсболл боюнча мелдештерге катышкан оюнчуларды чакырып жатабыз. Алар бизге хорсболл оюнун ойноо боюнча мастер-класстарды өткөрүп кетишет. Бул биздин жергиликтүү оюнчуларга шык берет. Бул оюнду ойноого кыргыз жигиттеринде шык бар. Анткени ар бир кыргыз ат үстүндө эркин жүрө алат эмеспи. Бул оюнду Европада 14 жаштан жогоркулар ойношот. Азырынча уюштуруу иштерине кам көрүп жатабыз. Мындан башка дагы пландарыбыз бар. Бул оюндун чыгымдарын федерация каржылап, уюштуруп жатат», - деди М.Кулданбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×