Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 09.01.2017 10:23

Айыл турмушу: Ала-букалык Д.Тургунбаев жер астынан XVIII-XIX кылымдарга таандык темир шаймандарды таап алды (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Чолок-Тума айылынын 40 жаштагы тургуну Дүйшөнкул Тургунбаев жер астынан XVIII-XIX кылымдарга таандык темирден жасалган шаймандардын топтомун таап алды. Анын айтымында, эски шаймандарды ал дарыянын жээгинен өз алдынча алтын жууп жүргөндө тапкан. Эми аларды райондун тарых музейине өткөрүп берүүнү көздөөдө.

«Бул тарыхый табылгаларды мындан 5-6 ай мурда Терек-Сай дарыясынын жээгинен алтын чайкап жүрүп, 2 метр тереңдиктеги чуңкурчадан таап алдым. Баары: кетмен, балта, чот, кайчы жана дагы бир белгисиз шайман бир жерден чыкты. Кээ бир маалыматтар боюнча, бул шаймандар XVIII-XIX кылымдарга таандык экен. Бул шаймандарды бир убакыттарда ушул жерлерден алтын казгандар колдонушкан окшойт. Баарын чогултуп, үйгө алып келип койгом. Табылган шаймандарды көргөндөр музейге сатсаң болот дешти. Бирок, мен ойлонуп көрүп, музейге сатпай эле өзүмдүн атымдан берүүнү чечтим. Анткени булардын орду музейде. Музейдин кызматкерлери менен байланышсам келип алып кетишерин айтышты», - деди Д. Тургунбаев.

Ошондой эле, ушул сыяктуу тарыхый буюмдарды таап алып, үйүндө сактап жүргөн жарандар аларды музейге өткөрүп берип, жарандык милдеттерин аткарса деген пикирин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×