Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Биз жасаган чучуктарды Россия, Швейцария, Түркияга алып кетишет, - аксылык С.Наркулов (маек, фото)

Turmush -  Кербен шаарынын 28 жаштагы тургуну Сыдыгалы Наркулов күн сайын чучук жасап сатат. Учурда ага буюртма берген кардарларынын саны көбөйүүдө.

Чучук жасоонун сырларын билген С.Наркулов менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешип келди.

- Чучук жасоону кимден үйрөнгөнсүз?

- Мен эт сатуучу дүкөндө иштегениме 5 жылдан ашты. Алгач Азамат деген агамдын колуна келип иштей баштагам. Башында жөнөкөй шакирт болсом, азыр эт сатууну мыкты өздөштүрүп калдым. Ошол эле учурда чучук жасоонун сырларын дагы үйрөндүм. Акыркы 5 жылдан бери чучук жасоону мыкты өздөштүрдүм.

- Чучук жасоодо өзгөчө эмнелерге көңүл буруу керек?

- Мен өзгөчө тазалыкка көңүл бурам. Себеби, баардык жерде тазалык болушу керек. Чучук жылкынын казысынан жасалгандыктан анын ичи өтө майлуу же кара эти көп болуп калбашы керек. Чучукту даамдуу кылуу үчүн кошулмаларды дагы ченеми менен кошуу керек. Эгерде бул талаптар аткарылбаса чучук даамдуу болбой калышы мүмкүн.

- Сиз жасаган чучуктарды кимдер сатып алат?

- Биз жасаган чучуктарды кардарлар өздөрү издеп келип, алып кетет. Мисалы, Россияга Швейцарияга жана Түркияга алып кеткен учурлар болгон. Чучукту көбүнчө Россияга алып кетишет. Бул кыргыз элинин улуттук тамагы болгондуктан аны башка өлкөлөргө даамы, өзгөчөлүгү менен таанытышыбыз керек. Ошол себептен чучуктарды өзгөчө жасоого аракет кылабыз.

- Анын баасы канча жана элдин капчыгына туура келеби?

- Ооба, элдин чөнтөгүнө жараша эле баа коюлган. Чучуктун 1 килограммын 700 сомдон сатып жатабыз. Баардык эле чучук бирдей жасалат. Баасы дагы бирдей. Сапаттуу, даамдуу жасаганыбыз үчүн кардарларыбыз дагы көбөйүп жатат. Кыргыз эли чучукту илгертеден эле жакшы жасаган. Биз анын чыныгы колоритин жоготпошубуз керек. Ошондуктан сапатын жогору кылууга аракет кылабыз. Келечекте кыргыздын чучугун дүйнөгө таанытып, көптөгөн чет өлкөлөргө сатууну максат кылам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6554
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×