Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.01.2017 08:45 На русском

Айыл турмушу: 21 жаштагы Самат Жазы-Кечүүдө СССРден калган тегирменди иштетип, жакшы киреше табууда (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын 21 жаштагы тургуну Самат Болпокеев Союз мезгилинен калган тегирменди иштетип, жакшы киреше табууда.

С.Болпокеев билдиргендей, ал сезон убагында айына орто эсеп менен 20 миң сом киреше табат.

«Союз тарагандан кийин бул тегирменди жездем сатып алган. Кийин 1999-2000-жылдары аны бизге саткан. Бала кезимден бери тегирмен иштетүүнү жакшы өздөштүрдүм. 1991-1992-жылдары эл абдан кыйналып, жүгөрүдөн ун тарттырып, нан жасап калышкан. Азыр ун дүкөндөрдө кенен сатылып жатат», - дейт ал.

С.Болпокеев белгилегендей, тегирмен тартуу сезону күз мезгилинен жазга чейин болот.

«Учурда тургундар мал-жандыкка кышкы тоют катары жүгөрү тарттырышат. Мындан тышкары талкан тартабыз. Ар бир каптан 50 сом акы алам. Орточо эсеп менен сезон убагында айына 20 миң сом тапса болот», - деди айыл тургуну.

Ал кесиби боюнча энергетик.

63

41

40

35

31

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×