Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 28.12.2016 11:06

Үч-Теректеги окуучулар арасында «Кыргыз тили кылымдарды баскан тил» сынагы жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Токтогулдун Үч-Терек айылындагы М.Нургазиев мектебинде «Кыргыз тили кылымдарды баскан тил» аттуу кароо-сынак болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Үч-Терек айылдык маданият үйүнүн директору Ураан Жаабаев билдирди.

Анын айтымында, сынакта аталган мектептин 7-8-класстарынын «Улуу Мурас», «Манас тили», «Тил байлыгы» жана «Улуу сөз» тайпалары таймашты.

Сынак ар кандай темаларды камтыды. Катышуучулар Тарых жана маданият жылына карата «Манас» эпосу, «Жаңыл мырза», «Атанын тагдыры» чыгармалары боюнча жана үркүндүн 100 жылдыгына карата сахналаштырылган тапшырмаларды көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 8-класстын окуучулары жеңүүчү болушту.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×