Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуСузак району 23.12.2016 19:18

Сузакта 4 тилде окутуучу орто мектеп ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 23-декабрда Сузак районуна караштуу Комсомол айылында жалпы орто билим берүүчү жеке мектеп ачылды. Эл аралык фонд тарабынан 70 миллион сом каражат жумшалып, заман талабына ылайык бүткөрүлгөн мектептин ачылыш аземине эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова, өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов баштаган бийлик өкүлдөрү катышты, деп билдирди кабарчы.

Имарат  250 окуучуга ылайыкталган. Учурда 163 бала билим алып жатат. Алар үчүн жатып окууга шарттар түзүлгөн. Мектептин ачылышы менен 56 жумуш орду пайда болду, анын 29ун мугалимдер түзөт.

Окуу процесси Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин базистик окуу планынын негизинде жүргүзүлөт.  Мектептин жобосу, локалдык актылары, жылдык планы, штат бирдиги билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына ылайыкташкан. Мектептин материалдык-техникалык базасы заманбап каражаттар, окуу куралдар менен камсыз болгон. Кыргыз, орус, англис жана араб тилдеринде билим берет.  Мындай мектеп түштүк аймакта биринчи жолу  ачылып жатат.

Ошондой эле, мектепте «Эне жана бала борбору» да ишке кирди. Ал борбор бардык шарттар менен медициналык кызмат көрсөтөт. 

Орто мектеп «Ийгилик, жеңиш» деп аталып, «Рисаля» коомдук фонду каржылаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×