Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу 22.12.2016 10:52 Жаңыланды: 22.12.2016 10:52

Айыл турмушу: А.Бегалиев үйлөрдүн кире беришин кооздогон оймо-чиймелүү брусчаткаларды алгачкылардан болуп чыгарды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну Абылкасым Бегалиев турак үйлөрдүн кире беришине оймо-чиймелер менен өзгөчө кооздук берет. Алкачкылардан болуп кыргыз орнаменти түшүрүлгөн брусчаткаларды ойлоп тапкан мырза аларды сатыкка чыгарды.

«Кыргыз оюусу түшүрүлгөн брусчаткаларды жасоого бир жыл убактым кетти. Алгач оңой эле болот деп ойлоп жасап көрсөк, ойдогудай чыккан жок. Келинчегим оюуларды жасоодо көп көмөк көрсөттү. Бурчтарын чыгарууда кыйынчылыктар жаралды. Азыр толугу менен ишке ашырып, автордук укукка ээ болдум. 2 айдан бери сатыкка чыга баштады», - деди А.Бегалиев.

Ал ата кесибин аркалап, бир топ жылдан бери устачылык менен алектенет.

«Чоң атам, атам дагы жыгач уста. Мен жаш кезде уста болууга кызыкчу эмесмин. Турмуш мени уста кылып тарбиялады. Азыр брусчатка чыгаруу менен алектенем. Учурда башка оюуларды түшүрүп жатабыз. Буюрса алар дагы жакынкы күндөрдө сатыкка чыгат. Брусчаткалардын 1 чарчы метри 750 сомдон бааланат. Биз санына эмес сапатына көп басым жасайбыз», - деди А.Бегалиев.

Ал 42 жашта, 6 баланын атасы. Учурда үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×