Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.12.2016 09:09

Кара-Көлдө бокс боюнча жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги улантылат

Turmush -  Бүгүн, 21-декабрда Кара-Көл шаарында бокс боюнча жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги улантылат. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чаранын ачылышына биринчи вице-мэр Н.Жекшеев жергиликтүү жана спорт тармагынын жетекчилери, ардактуу гидрокуруучулар катышты.

Бокс боюнча республикалык турнирге өлкөнүн жети дубанынан келген 1999-2000-жылы төрөлгөн 100 спортчу катышууда. Бул иш-чара шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан каржыланып, жалпы байге фонду 120 миң сомду түзгөн.

Турнир Токтогул ГЭСин жана Кыргызстандагы бардык ГЭСтерди курууга катышкан легендардуу  гидрокуруучу жетекчилер, Кара-Көл шаарынын энергетиканын чордону катары калыптанышына чоң салым кошкон — З.Серый, К.Хуриев жана «Ак илбирс» наамын алып, 7 миң метрлик бийик тоолорго чыгып замандаштарын таң калтырган легендарлуу гидрокуруучу Мамасалы Сабировдун жаркын элесине арналууда.

Иш-чаранын ачылышына чейин ардактуу гидрокуруучулардын эстелигине гүл коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×