Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.12.2016 12:07 На русском

Айыл турмушу: З.Сүйүнбаева Үч-Теректе кесиптик лицей, ишкана ачып иштетип жатат (фото)

Turmush -  Үч-теректик 52 жаштагы Зинат Сүйүнбаева айылда кесиптик окуу жай ачып, чакан ишкана иштетип келет. Аймактык кабарчы ишкер айымдан кабар алды.

Анын айтымында, Ноокат районундагы Жийде айылында төрөлгөн.

«1986-жылы математика факультетин бүткөм. Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейде 11 жыл мугалим болуп иштедим. 2003-жылдан баштап жеке ишкер болуп кеттим. Кийим тигүүчү ишкана ачып, ошону иштетип келебиз.

2010-жылы жолдошум экөөбүз Үч-Терек айылында №89 кесиптик лицейдин филиалын ачып, айылдан 25 тигүүчү, 50 темир ширетүүчү адистерди даярдадык», - деди ал.

Ишкер айым тигүү цехинде түрдүү буюртмаларды алат.

«Цехте жеке буюртмаларды алып иштейбиз. Көбүнчө кыргыз улуттук кийимдерин тигебиз. Алган кирешени өзүбүздүн керектөөлөргө жумшайбыз. Майрамдарда демөөрчүлүк кылабыз жана жол чыгымдарын жабабыз. Цехте окуучулар, келиндер үчүн тикмечиликти үйрөткөн ийрим ачкам. Каалоочулар келип кийим тигүүнү үйрөнүп, шаарга барып цехтерде иштешет», - деди ал.

Зинат айым жолдошу экөө бирге 30 жыл жашап, 2 уул, 1 кыздуу, 3 неберелүү болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×