Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.12.2016 12:49

Жалал-абаддык Ирлан Белоруссиядан алыш күрөшү боюнча алтын медаль алып келди

Turmush -  Беларуссияда алыш күрөшү боюнча өткөн дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алып келген Каныбек уулу Ирланга Жалал-Абад облусунун жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев 30 миң сом тапшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

IMG-20161219-WA0020

Балбандын айтымында, чемпионат Минск шаарында өтүп, ага 17 мамлекеттен балбандар катышкан. Кыргызстан мамлекетинин намысын 6 балбан коргоп, экөө алтын медаль алган.

Ирлан Жалал-Абад облусундагы И.Раззаков атындагы адистештирилген балдар жана жаш жеткинчектер олимпиадалык спорт мектебинде окуйт. Ал 3 жылдан бери алыш күрөшү менен машыгат.

«Машыгуу катуу болду. Чемпионатка жеңем деген ой менен баргам. 70 кг салмакта биринчи украиналык, андан кийин беларуссиялык балбан менен күрөштүм. Финалдык беттешке дагы украиналык балбан чыкты. Ийгиликтүү күрөшүп, өлкөнүн намысын коргоп келдим», - деди Ирлан.

Спорт мектептин директору Чыңгыз Аканов 3 жылдык машыгуу өз жемишин бергенин белгиледи.

Анын айтымында, Ирланга облус жетекчиси резервдик фондунан 30 миң сом бөлсө, Ноокендин акими жер тилке берүүнү убадалоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×