Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 16.12.2016 18:24 На русском

Айыл турмушу: Сузактык Ж.Жаркулованын таяк таянганына карабастан куда түшкөн кайненеси өзү кызмат кылып, баласынын бүлөсүн сактап калган (фото)

Turmush -  Сузак районунун 50 жаштагы тургуну Ж.Жаркулова бутунун ооруганына байланыштуу таяк таянганына карабастан коомдук бирикме түзүп, мүмкүнчүлүгү чектелген бир топ атуулдарга жардам берүүгө себепкер боло алды.

Райондо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында кандай гана иш-чара өтпөсүн уюштуруучулардын баш сабында аны да кезиктирүүгө болот.

Коомдук жумуштарга активдүү катышып, таяк таянса да алты саны аман адамдардан артыкча жумуш жасай алган атуул катары элге таанылып калган Жумакан Жаркулова тагдырдын оор катмарындагы адамдардын башын бириктирип, «Асыл-Ай» мүмкүнчүлүгү чектелген коомун негиздеген. Ага жардамга муктаж атуулдарга жасаган мээнети, үзүрлүү эмгеги үчүн Сузак райондук кеңеши тарабынан «Сузак районунун ардактуу атуулу» наамы да ыйгарылган. Бул сыяктуу сыйлыктар анын жашоого болгон умтулуусуна дагы бир даңгыр жол болуп калган.

Капачылыгын, кубанычын ыр саптарга түшүргөн Ж.Жаркулова «Жайлоолор мени чакырат», «Акын аалам кыргыздар», «Алыкул 100» ыр жыйнактарын да чыгарууга жетишкен.

Ж.Жаркулова 1966-жылы Сузактын Канжыга айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө он бир туугандын үчүнчүсү. Жаш кезинде буту кокустап, далай жолу азабын тарткан. 1983-жылдан 1989-жылга чейин бутунун айынан ооруканада көп жатып, көп ойго батчу. 1989-жылы дагы ооруканага дарыланууга кетээрде кайненеси үйүнө куда түшүп барган. Кайнене болуп кылган жумушун тескеген эмес. Таяк таянган келинине тескерисинче жардам берип, өзү суу ташып, нан бышырып, үй жумуштарын жасачу. Кайнене келинине энелик мээрим төгүү менен бүлө кылып алган.

«Кудуктан да суу ташып берчү. Кайненемин деп кысым жасагон жок. Бутуна операция жасалган, этият болуу керек деп, энем келиндик кызматты 3 жылга чейин өзү аткарды. Энемдин колдоосу менен биздин үй-бүлөлүк очок ураган жок. Кудайга шүгүр бир уул, 3 кыздуу болуп, азыр неберелүү болуп калдык. Үй жумуштарын балдарым колго алып, ошолор жасап калышты. Кайненемдин жана жолдошумдун колдоосу менен коомдук иштерге активдүү катышып жүрөм, алар менин жумушумду түшүнүшөт. Мен бөлмөмдө көөдөндө чыккан ырларды дептерге түшүрүп жатканымды кайненем көрсө бир адамды дагы бөлмөгө киргизбейт, чыгармачылык жактан да колдоп турат. Ал инсан биздин үйдүн тиреги десем болот», - дейт Ж.Жаркулова.

Ал «Аракет азапты жеңет» деген ураанды карманат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кандай гана тагдырда жашабасын өз жашоосунун жакшы болушу үчүн күрөшө билүүсү керек деп эсептейт.

«Менин мүмкүнчүлүгүм чектелген эле деп тагдырыбыздын оордугун башкага жүктөбөшүбүз керек. Колдон келген өнөрдүн үстүндө талыкпай иштесе өнөрдүн акыбети кайтат», - дейт ал.

Өзү белгилегендей, анын өжөрлүк сапаты көп ийгиликти багындырууга өбөлгө болуп келе жатат. Учурда ал өзү негиздеген коомдун төрайымы катары иштейт.

Жакында белгилүү ырчы Гүлжигит Сатыбеков менен баарлашып, ал мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарга концерттик программасын тартуулап кетти. Бул коомдо мүчө болгон таланттуу балдарды элге таанытуу үчүн демөөрчүлөр менен биргеликте чоң программадагы концерттик программаны элге тартуулашты.

Бул коомдун мүчөлөрүн коомго активдүү аралаштыруу үчүн түрдүү иш-чараларды өткөрүүнүн үстүндө аракеттенип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×