Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 11.12.2016 22:47

Таш-Көмүр шаардык кеңешти шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы

Turmush -  Таш-Көмүр шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого берилген добуштардын болжолдуу жыйынтыгы жарыяланды. Аймактык кабарчы билдиргендей, КДСП партиясы алдыда.

Шаардагы 8314 шайлоочу добуш берген. Жыйынтыгында КСДП 2372 добуш, «Өнүгүү-Прогресс» — 1905, «Республика — Ата Журт» — 1443, «Мекеним Кыргызстан» — 697, «Кыргызстан» — 674, «Таш-Көмүр жаштары» — 540, «Ата Мекен» — 404 добуш алган.

Добуштарды саноо улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×