Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.12.2016 17:31

Жалал-Абаддагы №2104 шайлоо участогунда автоматтык урна 2,5 саатка жакын иштебей турду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында жайгашкан №2104 шайлоо участогунда да техникалык мүчүлүштүктөр болду.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, аталган участоктогу электрондук урна күндүн биринчи жарымына чейин 2,5 саат иштебей турду. Автоматтык урна бузулгандан кийин 1,5 саатка жакын убакыт өтүп, жөнөкөй урнаны колдонууга мажбур болушкан.

2104 шайлоо участкасынын төрагасы Нуридин Мисировдун айтымында, мурдакы шайлоолордо пайдаланылып жүргөн урна колдонулуп, 78 адам добуш берген. Болжол менен 2,5 сааттан кийин автоматтык урна иштеп баштаган.

Аталган шайлоо участогунда 2374 шайлоочу бар. Анын ичинен саат 15:00гө карата референдумга 367 адам, шаардык кеңешти шайлоого 358 шайлоочу добуш берген.

Төрага ырастагандай, техникалык мүчүлүштүк шайлоодогу добуш берүүгө терс таасирин тийгизди.

Бүгүн, 11-декабрда Кыргызстанда 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Саат 08:00дө башталган добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×