Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.12.2016 15:22

Кара-Көлдө Энергетиктердин күнүнө карата волейбол боюнча турнир өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын «Энергетик» спорт комплексинде 22-декабрь - Энергетиктердин күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол боюнча турнир өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Биринчилик үчүн 7 команда мелдешти. Алар: «Камбар-Ата», «Энергетик» командалары, Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин, №3 Фрунзе атындагы орто мектептин жана №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин командалары, Токтогул ГЭСинин командасы, И.Раззаков атындагы Политехникалык университетинин Кара-Көл шаарындагы филиалынын кыз-келиндеринен түзүлгөн командасы катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду «Энергетик» командасы, 2- орунду «Камбар-Ата», 3-орунду Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин кыз-келиндер командасы ээлеп, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми бүгүн, 10-декабрда аталган мелдеш эркектер арасында өткөрүлүп, ага 9 команда катышууда.

Ага ШИИБдин кызматкерлеринен түзүлгөн «ШИИБ» командасы, Улуттук гвардиянын №718 аскер бөлүгүнүн командасы, Токтогул ГЭСинин кызматкерлеринен түзүлгөн команда, «Энергетик», Балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы, Камбар-Ата шаарчасынын «40 жаш» жана «Жазы-Кечүү» командалары катышууда. Жалпы байге фонду 11 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×