Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.12.2016 16:47

Кара-Көлдө майып жарандар арасындагы спартакиада жыйынтыкталды

Turmush -  Кечээ, 6-декабрда Кара-Көл шаарынын «Энергетик» спорт комплексинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында өткөрүлгөн спартакиада жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чынара Тургунбаева билдирди.

Анын айтымында, шахмат боюнча мелдеште 1-орунду Юсупов Эркин, 2-орунду Шарапиев Акылбек, 3-орунду Муратбеков Намазбек ээледи.

Шашки боюнча мелдеште 1-орунду Кыргызбаева Айсулуу, 2-орунду Жаналиев Анаркалий, 3-орунду Тополоңов Мырза ээлешти.

Кол күрөш боюнча мелдеште 1-орунду Анарбек кызы Айсулуу жана Акылбеков Актилек, 2-орунду Муратова Үлпөт жана Ноорузалиев Улан, 3-орунду Самсонова Татьяна менен Парпиев Эрбол ээлешти.

Ал эми, тараза ташын көтөрүү боюнча 1-орунду Калилов Бектурсун менен Бабаканов Мээрим, 2-орунду Субаналиев Бакыт менен Мурзакматова Канталат, 3-орунду Самыйбек Уулу Тилек менен Марат кызы Нуркыздар ээледи.

1-орунду ээлегендерге 1000 сомдон акчалай сыйлык, 2-орунду ээлегендерге 800 сомдон, 3-орунга 500 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, орунга ээ болбогон катышуучуларга дагы акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×