Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.12.2016 09:53

Кара-Көлдөгү окуучулар арасында «Манас» айтуу боюнча сынактар өттү

Turmush -  4-декабрда Кара-Көл шаарындагы 5 мектепте «Манас» айтуу сынактары өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Көл ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Д.Молдобаева билдирди.

Анын айтымында, иш-чаралар «Мекеним менин Кыргызстан» долбоорунун алкагында ШИИБдин жардамы менен уюшулган. Сынактын максаты — өспүрүмдөрдүн патриоттук, ынтымак, достукту чыңдоо сезимдерин күчөтүп, «Манас» эпосунун баалуулугун үйрөтүү.

-Токтогул атындагы мектептеги сынакка 8 окуучу катышып, жыйынтыгында 1-орунду 9-класстын окуучусу Мирлан уулу Актилек ээледи.

Ч.Түлөбердиев атындагы мектептеги сынакка 4 окуучу катышып, 1-орунду 9-класстын окуучусу Нуржигит Апышев ээледи.

М.Фрунзе атындагы орто мектептен 7 окуучу катышып, 1-орунду 5-класстын окуучусу Тайырбек Көкөев ээледи.

Д.Шопоков атындагы орто мектептен 9 окуучу катышып, 1-орунду 7-класстын окуучусу Азамат Байызбеков ээледи.

Т.Темиров атындагы орто мектебинен 7 окуучусу катышып, 1-орунду 4-класстын окуучусу Арстан Арстаналиев ээледи.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×