Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 06.12.2016 18:45

Айыл турмушу: Ала-букалык Ш.Жакыев жез жана күмүш кошуп жасаган ат жабдыктарын 40 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагынын 49 жаштагы тургуну Шайназар Жакыев ат жабдыктарын кооздоп жасайт.

Анын жасаган ат жабдыктары башкалардыкына салыштырмалуу сапаттуу жана баасы дагы жогору. Себеби, жабдыктарды жасоодо жез жана күмүш металлдарын көбүрөөк колдонот.

«Мен бала чагымда эле ат жабдыктарын жасаганга кызыкчумун. Аны өз алдынча үйрөнүп, кол өнөрчүлүктү өркүндөттүм. Ат жабдыктарынан жүгөн, басмайыл, камчы, ээр, жабууларды күмүш, жез сыяктуу металлдар менен кооздоп, гүл түшүрүп жасайм. Жасаган эмгектеримди көбүнчө мал-жандыктарга алмашам. Акчалай деле сатам. Кээде жасаган камчыны бир козуга алмашам. Өткөндө жакшы кооздолуп, жасалган ат жабдуулардын топтомун ээри менен бирге музоосу бар уйга алмаштым. Ошондо болжол менен 40 миң сомго бааланды. Мындай жол менен үй-бүлөлүк казынаны толуктап жатам. Бул иштен сырткары мал багуу менен алектенем», - деди ал.

Ш.Жакыев өзү тубаса мунжу болуп туулган. 2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жаран экенине карабай, кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүп келет. Ал райондо өткөрүлгөн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кол өнөрчүлүк көргөзмө-жармаңкесине өзү жасаган ат жабдыктарын алып чыгып, байгелүү орундарга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×