Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 05.12.2016 15:44

Үч-Теректе окуучулар арасында «Таланттууларды тандайбыз» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы М.Нургазиев атындагы мектепте «Таланттууларды тандайбыз» сынагы өттү. Бул тууралуу Үч-Терек айылдык маданият үйүнүн директору Уран Жапаров билдирди.

Анын айтымында, сынакка 50 окуучу катышты.

«Аталган сынак мыкты өттү. Сынактын жыйынтыгында 1-орунду «Жетим кыздын арманы» аттуу монологу менен 5-класстын окуучусу Айзат Ашымжанова жана бийлеп чыккан 7-класстын окуучусу Анарбек уулу Зайырбек утуп алышты. Ал эми 2-орунду «Апакемдин маанайы» ыры менен 6-класстын окуучусу Үсөн Маманов, «Карындаш» деген ыры менен 9-класстын окуучусу Илисман Өсөрбеков, «Өзүң бил» аттуу ыры менен 9-класстын окуучусу Кудайберген Чоюбеков жана индия бийи менен Афина Максатбекова жеңип чыгышты. Ошондой эле 3-орунду, Таштан кызы Болсунай (11-класс), Маманов Дастан (11-класс) аттуу окуучулар ээледи. Сынак 6 саатка созулуп, келип көргөн ата-энелер, айыл эли абдан ыраазы болуп кетишти», - деди ал.

Сынак мектептин жетекчилиги менен айылдык маданият үйү тарабынан уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×