Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 05.12.2016 13:12

Н.Сыдыков Сузак РИИБдин башчысы болуп дайындалды (резюме)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Сузак РИИБдин башчысы болуп Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович дайындалды. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри Улан Исраилов кол койду.


НС.

Милициянын полковниги Н.Сыдыков 1974-жылы Ош шаарында төрөлгөн. 1995-жылы КР ИИМинин жогорку милиция мектебин аяктаган. Укук коргоо органдарында 1991-жылдан бери эмгектенет.

Эмгек жолу:

- 1991-1995-жылдары – КР ИИМинин жогорку милиция мектебинин курсанты;

- 1995-1998-жылдары – Ош ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн опер кызматкери;

- 1998-2002-жылдары – Ош ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн улук опер кызматкери;

- 2002-2006-жылдары – Ош ШИИБдин Төлөйкөн аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы;

- 2006-2007-жылдары – Ош ШИИБде бөлүм башчы;

- 2007-2008-жылдары – Ош ШИИБдеги №1 милиция бөлүмүнүн башчысы;

- 2008-жылдын январь-июнь айлары – Ош ШИИБдин баңгизат менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;

- 2008-жылдын июнь-декабрь айлары – Ош ШИИБдин Төлөйкөн аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы;

- 2008-2010-жылдары – Ош ШИИБдин Ак-Буура аймактык милиция бөлүмүнүн №2 бөлүмүнүн башчысы;

- 2010-2015-жылдары – Ош ШИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;

- 2015-жылдын май айынан бери – Жалал-Абд ОИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×