Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.12.2016 18:38 На русском

Айыл турмушу: 110 сантиметр бойлуу М.Курманалиева 50 жашында индия бийин бийлеп чыкты (фото, видео)

Turmush -  Кара-Көл шаарында Майыптардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Ага бою 110 сантиметрди түзгөн 50 жаштагы жергиликтүү тургун Майрам Курманалиева дагы катышты. Ал бала чагынан бери индия тасмаларын көрүп, таасирленген. Майрам күндөрдө элге чыгыш бийлерин тартуулап келет.

М.Курманалиеванын айтымында, 1985-жылы №1 Токтогул атындагы орто мектебинин 8-классын бүтүрүп, №89 кесиптик лицейден бир нече кесиптерге ээ болгон.

«Биз бала кезде индия тасмалары көп коюлчу. Аларды көрүп жүрүп, таасирленип, чыгыш бийинин кыймылдарын өзүм үйрөнүп алгам. Ошондой эле, улуттук бийлерди жана цыган бийин бийлегенди жактырам», - деди М.Курманалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×