Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 01.12.2016 17:25

Ноокенде спорттун бир нече түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, мыктылар тандалды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда спорттун бир нече түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, мыктылар тандалды.

Ноокен райондук администрациясынан билдиришкендей, кичи футбол, күрөш, волейбол жана ат оюндары боюнча мелдеш өттү. Мелдешке райондун бардык аймактарынан келген жаш спортчулар катышып, күрөш боюнча жеңүүчү аталган спортчулар облуста өтүүчү мелдешке жолдомо алышты.

Кичи футбол мелдешинде мыкты ойногон оюнчулар райондун курама командасына тандалып алынса, тараза ташын көтөргөн жаш балбандар акчалай белектер менен сыйланышты. Ошондой эле, көк бөрүдө мыкты оюн көрсөткөн улакчыларга акчалай белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×