Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 28.11.2016 17:10

Айыл турмушу: Ноокендик ашпозчу палоо демдөөнүн сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Ноокен районундагы Ноокен айылынын тургуну Таирбек Назаралиев айылдаштарынын өтүнүчү боюнча палоо бышыруу менен алектенет. Анын жумушу таңкы саат 06:00дө башталат. Учурда 40-60 килограмм күрүчтү бышырып, той ээлеринин алкышына ээ болууда.

Таирбек Назаралиев ашпозчулукту 4-5-жыл мурун баштагандыгын жана жайкысын палоо бышырууга таңкы саат 4-5терде киришерин айтат.

«40 килограмм күрүчкө 45 килограмм сабиз, 15 литр тамак-аш майы, 15 килограмм пияз керектелет. Ага мейиз же нокот кошуп бышырса даамдуу болот», - дейт ал.

Той-ашка келгендер Т.Назаралиевдин палоосу даамдуу экенин айтышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×