Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.11.2016 10:46

Кара-Көлдө окуучулар ата-энелери менен спорттук мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы №3 Фрунзе атындагы орто мектепте «Атам, апам жана мен, биз спорттук үй-бүлө» аттуу мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдешке 2-«А», 2-«Б», 2-«В», 2-«Г» класстарынын окуучулары жана алардын ата-энелери катышты. Спорттук иш-чаранын максаты — жаш балдардын, ата-энелердин ден соолугун чыңдоо, дене тарбия жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу, дени сак жашоо образына үндөө.

Жыйынтыгында 2-«А» классынын окуучусу Михаил Романов ата-энеси менен жеңүүчү аталып, баалуу белектер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×