Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.11.2016 09:33

Айыл турмушу: Кара-Көлдө мал энчилеп берүү жөрөлгөсү менен сүннөт той өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургундары Гүлкайыр менен Дүйшөнбек Дөңбашовдор уулу Султандын сүннөт тоюн кыргыздын каада-салтынын негизинде өткөрүштү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тойдун башталышында Султанды таятасы жана тайкелери кыргыздын эзелтеден келе жаткан салтын улап энчилеп берген тайга мингизишти.

«Небереге мал энчилеп берүү жөрөлгөсүнүн түпкү мааниси абдан терең», - дейт кыргыздын ырым-жырымын мыкты билген, кулаалы таптап, куш салган ардактуу эс алуудагы милиция кызматкери Анарбек Ыманкулов.

Анын айтымында, бул салт кыргыздарда илгертеден бери колдонулуп келет.

«Кыздын баласына же небереге төрт түлүк малдан бирди энчилеп берүү илгертеден калган салт. Азыр ар ким өз чамасына жараша энчи берет. Эчки, кой, тай, кээ бири чоң атка чейин энчилеп беришет. Тагыраак айтканда, кыз атасынын үйүнө жолдошу, баласы менен конокко барып калганда, атасы мал-жандыгынан бирди энчилеп, "эн салып, тиги малды энчилеп алгыла" деп айткан. Эгер күйөө баласы кайнатасына жакшы, сыйлуу күйөө бала болсо энчисине ээ болгон. Демек, таятанын жээнине энчи бөлүп берүүсү күйөө баланын кайын журтка болгон мамилесине да байланыштуу болгон.

Бул салт адамдардын молчулукта, токчулукта, жакшылык жана ынтымакта жашап жаткандыгынан кабар берген. Ошондой эле, таятанын небереге болгон камкордугу, сүйүүсү катары кабылданган», - дейт А.Ыманкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×