Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.11.2016 16:10

Айыл турмушу: Кара-көлдүк жаш жубайлар үйлөнүү тойдо шаарды көрктөндүрүштү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында жаңы баш кошкон жаш жубайлар Акыл Кушубаков менен Гүлнара Алешова үйлөнүү тоюнда шаарды көрктөндүрүүгө салым кошушту. Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, жубайлар 11-ноябрда үйлөнүү тоюн өткөрүштү.

Алар шаардын маданият үйүнүн алдына узун өмүрдүн символу болгон карагай балатынын көчөтүн тигишти. Жаш жубайлардын бул жасаган иши тургундардын кызыгуусун жаратты.

«Шаарды көрктөндүрүүгө салым кошкон Акыл менен Гүлнарадай жаштар көп болсо», - дешет шаар тургундары.

Ошондой эле, түгөйлөр белгилүү гидрокуруучу З.Серыйдын эстелигине гүл коюшту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×