Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.11.2016 16:00

Айыл турмушу: Кара-көлдүк ашпозчу күнүнө 300 балага даамдуу тамак жасайт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 38 жаштагы тургуну Тамчы Айдаралиева учурда «Баластан» бала бакчасында башкы ашпозчу болуп эмгектенип, күнүнө 300 балага даамдуу тамактарды даярдайт.

Turmush басылмасынын кабарчысы башкы ашпозчунун иши менен таанышып келди.

Т.Айдаралиеванын айтымында, ал 14 жылдан бери ашпозчу болуп иштеп, шаардагы жергиликтүү жеке менчик кафелердин биринде иштеп келген.

«Баластан» бала бакчасы ачылгандан соң, бул жерге башкы ашпочу болуп ишке орноштум.
Кесибим өзүмө жагат. Өз убактысы менен иштеп, эс аламын. Көбүнчө котлет, тефтели жасаганды жактырамын. Балдарга бирдиктүү менюнун негизинде биринчи, экинчи тамактардын түрүн жасайбыз. Эртең менен сүттөн жасалган тамактар, кечки тамактан кийин конфет, печенье берилет. Бактылуу күндөрүн бала бакчада өткөрүп жаткан жаш жеткинчектерге чың жүрөгүм менен даамдуу тамак жасап бергим келет», - деди ал.

Т.Айдаралиева №89 кесиптик лицейдин ашпозчу жана кондитерлик курсун бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×