Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 24.11.2016 12:30

Айыл турмушу: Ала-букалык Р.Болотканова 47 жылдык өмүрүн билим берүү тармагына арнады (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун тургуну Рысбү Болотканова 43 жылдык өмүрүн билим берүү тармагына арнады. Turmush басылмасынын кабарчысы Р.Болотканованын ишмердүүлүгү менен таанышып келди.

Р.Болотканова Чаткал районундагы Сары-Булак айылында 1955-жылы 27-апрелде төрөлгөн. Ал педагогикалык эмгек жолун Кызыл Байчечекей орто мектебинде 1975-жылы орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.

«1980-1986-жылдары жеңил өнөр жай тармагында, Ю.Гагарин, Ж.Бешимов орто мектептеринде орус тил жана адабият сабагынан мугалим болуп 2013-жылга чейин иштедим. 2001-жылдан баштап азыркы мезгилге чейин М.Сарыбаев орто мектебинде, ошол эле маалда Ала-Бука гуманитардык педагогикалык институтунда тил кафедрасында ага окутуучумун жана орус тилден сабак берем» - дейт ал.

Р.Болотканова кесиптештери менен биргеликте тажрыйба алмашуу жана окуу-усулдук иштерди жакшыртуу багытында аракет көрүүдө.

«Окуткан студенттер, окуучуларым облустук олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп келсе, окууну бүтүп кеткендери Ош, Жалал-Абад, Аксы, Чаткал, Ала-Букада иштеп жатышат. Ар бир сабакты көргөзмөлүү, жаңы инновациялык усулдарды колдонуу менен өтүүгө аракет кылам. Институтта орус тили боюнча илимий ийрим уюштуруп, ар бир студенттин жөндөмүнө жараша индивидуалдуу иш алып барам», - дейт ардактуу мугалим.

Ал ар дайым өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштейт.

«2004-2006-жылдары кесиптик уюмдун төрайымы, 2006-жылдан бери аялдар кеңешинин төрайымы болуп иштеп келем. Жыл сайын «АГПнын айымдары», «Кана эмесе кыздар!» сынактарын уюштуруп жүрөм. Ошондой эле, «Жогорку мектеп шартындагы интерактивтүү ыкмаларды окутуу», «РКМНП программасы боюнча тренингге катышуу» сертификаттарын алдым. Журналдарга 15 макалам жарыяланса, 6 усулдук китепчелерим басылды», - деди КРнын «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисинин ээси.

Р.Болотканова үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын жана 3 неберенин энеси. Жолдошу Болотканов Талип менен түтүн булатып келе жатканына 41 жыл болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×