Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.11.2016 11:53

ЖАМУнун ректору болуп К.Үсөнов дайындалды

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору болуп Үсөнов Кеңешбек Жумабекович дайындалды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

К.Үсөнов

Кенешов

Ошондой эле, өкмөт башчы кол койгон башка буйрук менен Абдрашев Акунжан Баказович кызматынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ректорлуктан бошотулду.

А.Абдрашев

А.Абдрашев

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо 25-октябрда өткөн. Шайлоого жалпы 10 талапкер катышып, жыйынтыгында А.Абдрашев 172 кесиптешинин добушуна ээ болуу менен алдыга чыккан. Ал эми, 2-орунга чыккан К.Үсөнов 168 добушка ээ болсо, 3-болгон Эрнист Авазов 26 добуш топтогон.

Көп добуш топтогон алдыңкы 3 талапкердин тизмеси ректорду дайындоо үчүн өкмөткө жөнөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×