Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.11.2016 17:17

Айыл турмушу: Үч-теректик А.Асылканова айылдагы бала бакчада 7 ай бекер иштеген (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургуну Айнура Асылканова бир нече жылдан бери айылдагы бала бакчаны жетектейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, бала бакчада 85 бала тарбияланып, 6 тарбиячы эмгектенет.

«Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп келип, өзүм окуган мектепке мугалим болуп ишке кирдим. Андан кийин шартка байланыштуу иштебей жүрүп, кийин «Сатымбүбү апа» бала бакчасына ишке кирдим. Аталган бала бакча 2015-жылдын 5-майында ачылган. Бала бакча элдин, демөөрчүлөрдүн жана эмгек жааматтын аракети менен көптөгөн ийгиликтерге жетишти» - деди ал.

Тарбиячы бала бакча жаңы ачылганда 7 ай бекер иштегенин кошумчалады.

«Жамаатыбыз 7 ай бекер иштедик. 2016-жылдын апрель айынан баштап мамлекеттик бюджетке кирип, штат ачылып, айлык акы ала баштадык», - деди Асылканова.

Айнура айым 2 уул, 2 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×