Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 23.11.2016 12:19

Аксыда 10 мектептин окуучулары волейбол боюнча мелдешке түштү

Turmush -  Аксы районундагы №6 Н.Мамбетов орто мектебинде 21-ноябрда «Спорт кылмышка каршы» деген аталышта спорттук мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анын алкагында 10 мектептин окуучулары спорттун волейбол түрү боюнча «Достук» кубогунда мелдешти. Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген командага 1500 сом, 2-орунга 1000 сом, 3-орунга 500 сом жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Мелдеш учурунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө иштерине өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын лейтенанты Ш.Исмаилов, Патрулдук милициянын тескөөчүсү Ташкараев, милициянын ага лейтенанты Н.Туратбеков катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×