Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 21.11.2016 13:38

Айыл турмушу: Ноокендик бөкөлдөр И.Мадосмонов менен С.Нуруев бодо малдын этин 400 адамга жеткиришет (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Ноокен айылынын тургундары Икрам Мадосмонов менен Саит Нуруев 35 жылдан бери бөкөл болуп элге кызмат кылышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Өздөрүнүн айтымында, айылдагы аш-тойлордо бодо мал союп, этин бышырып, тойго келгендерге кызмат кылышат. Бөкөлчүлүктү жаш кездеринен эле өздөштүрүшкөн.

Жашына жараша койду жарым саатта, уй менен букаларды 1 саатта, жылкыны жардамчылары менен бирге 2 саатта союп, жиликтеп жетишишет. Алар бодо малдын этин 300-400 адамга жеткирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×