Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 19.11.2016 13:16

Токтогулдук энелер «Апалардан ыр куржун» ыр кесесин сунушту (фоторепортаж)

Turmush -  Токтогулдагы Торкент айыл өкмөтүндө ак элечек апалардын «Апалардан ыр куржун» ыр кесе кечеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токтогул райондук маданият үйүнүн директору Ураан Жапаров билдирди.

«Кечээ, 18-ноябрда Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү "Нуска" ак элечек апалар жамааты, Токтогул райондук аялдар кеңеши жана Мөөркан апанын «Ак элечек апалар» жамаатынын демилгеси менен уюшулган "Апалардан ыр куржун" иш-чарасы Торкент айыл өкмөтүндө өттү. Майрамдык кечеде ак элечек апаларыбыз мыкты деңгээлдеги концертин тартуулап, Үркүндүн 100 жылдыгына карата тарыхый окуяны сахналаштырып көрсөтүштү.

Үч-Терек айыл өкмөтүнөн чыккан апалардын «Нуска» тайпасына айылдын бюджетинен 5 миң сом бөлүндү. Анын 1000 сому жол киреге берилип, 1000 сомуна белектер алынса, калган 3000 сом менен апалардын ыр куржунун толтурдук. Кийинки кезекти Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ак элечек апалар жамаатына тапшырып келдик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×