Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 18.11.2016 18:23

Айыл турмушу: Ала-букалык С.Дуулатов аңчылыкка чыгаруу үчүн эки карышкыр багып жатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Актам айылынын 35 жаштагы тургуну Советбек Дуулатов короосунда эки карышкыр багып, колго үйрөтүп жатат.

Бул карышкырларды ал аңчылык кылып жүрүп, 6 ай мурун бөлтүрүк кезинде кармаган. Алар чоңойсо аңчылык кылууга көмөктөшөт деп күтүүдө.

«Биз тоодо мал кармайбыз. Карышкырлар биздин элдешкис душманыбыз. Буларды мен май айында карышкырдын уясынан алып чыктым. Аң уулап жүрүп, карышкырдын уясын байкап калдым. Күтүп отуруп, балдарына келген эки карышкырдын бирин аттым. Мен аткан дөбөтү экен. Качып кеткени ургаачысы болуп чыкты. Уяда эки бөлтүрүк бар экен. Алардын бирин уянын оозуна калтырып, ургаачы карышкырга тозот коюп, бир күн аңдыдым. Бирок, энеси келбей койду. Эки бөлтүрүктү үйгө алып келип, эт менен багып жатам. Чоңойгон сайын этти көп жей башташты. Мал союучу жайдан эт алып берем. Коопсуздук үчүн ар дайым байлап коём. Бирок, булар бизге көнүп калышты. Ит сыяктуу эркелеп, оюн салып ойнойт», - дейт С.Дуулатов.

Анын айтымында, алар кыштын келиши менен карышкырларды атууга чыгышат.

«Аңчылыкка чыкканда ургаачы карышкырды улутуп, башка карышкырларды чакыртып алып, аларды атууну көздөп жатам. Атайын үйрөтүлгөн «сибирь лайкасы» породасындагы эки итим бар. Алардын күчүгүнө карышкырдын этин берип баккандыктан, карышкырдан коркпойт. Башка иттер карышкырдын жытын алганда эле качып кетишет», - деди С.Дуулатов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×