Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 17.11.2016 16:10

Чаткалда жаштар арасында шахмат, тогуз коргоол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Чаткал районундагы жаштар арасында шахмат, тогуз коргоол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу жаштар комитетинин төрагасы Айбек Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында, шахмат жана шашки боюнча мелдеште жеңүүчү болгон окуучуларга акчалай белектер, Ардак громаталар тапшырылды.

«Мелдешке жалпысынан 34 адам катышты. Жыйынтыгында кыздар арасында Толкунай Курманбекова 1-орунду алса, балдар арасындагы мелдеште Курманбек Муратбеков жеңишке жетти. Тогуз коргоол боюнча кыздар арасындагы мелдеште Элнура Жеңишова баш байгени алса, балдар арасындагы мелдеште Курманбек уулу Иманбек жеңишке жетишти», - деди А.Бекмуратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×