Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 17.11.2016 18:24

Айыл турмушу: Ноокендик З.Жалилова быйыл лимондон 1 тоннага жакын түшүм жыйнайт (фото, видео)

Turmush -  Ноокен районунун Момбеков айылынын тургуну Зайнобхан Жалилова лимон өстүрүп, быйылкы түшүмүн жыйноо алдында турат.

З.Жалилова Turmush басылмасынын кабарчысына лимон өстүрүүнүн сырларын айтып берди.

«Биз үй-бүлөбүз менен дыйканчылыктын жолдорун жакшы өздөштүргөнбүз. 7 жылдан бери лимон өстүрүп келе жатабыз. Аны атайын күнөсканада өстүрөбүз. Быйылкы жылы 1 тоннага жакын түшүм алганы турабыз. Лимонду жакшы карап, тыкыр көзөмөлдөө шарт. Ал өтө назик өсүмдүк болот», - деди Жалилова.

Ал лимон өстүрүү үчүн күнөсканалардын санын көбөйтүүнү пландап жаткандыгын айтты.

«Лимонду өстүрүп, анын сырларын тереңдеп үйрөнүп калдык. Эми күнөскананы көбөйтөлү деген оюбуз бар. Азыр күнөскананын аянты 3 сотых болсо, кийинки жылы дагы 2 күнөскана курууну пландап жатабыз», - деди ал.

З.Жалилова үй-бүлөлүү, 6 уулу бар.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×