Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 16.11.2016 11:35

Айыл турмушу: Токтогулдук аксакал М.Жаңыбаев аймактагы өзгөчө таштарды тарыхый баалуулук катары сактап келет (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Кара-Жыгач айылынын тургуну, эмгектин ардеги Жаңыбаев Майкан аксакал үй-бүлөсү менен биргеликте көп жылдан бери аймактагы тарыхый баалуулуктарды сактап келет. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Жыгач айылында көптөгөн тарыхый баалуулуктарга бай жерлер болгон.

Союз учурунда айдоо аянттарын көбөйтүү максатында археологиялык казууларды ишке ашырып, изилдөөгө алуучу жерлерди ошол кезде жок кылышкан. Азыркы Камбар-Ата 2 ГЭСинин батыш тарабындагы жерде ташка жазылган сүрөттөр жана жазууларды көрүүгө болот.

«Бул таштарда жерлердин аттары түшүрүлгөн. Эң кызыгы андан тик бурчтуу сызыктарды көрүүгө болот. Ал сызыктар эмнегедир электр линияларын жеткирүүчү мамыларга окшош. Бул сызыктын жанында дагы түшүнүксүз белгилер бар. Бул белгилер азыркы курулуп жаткан Камбар-Ата ГЭСинин туннелдерине окшоп кетет. Мындан сырткары, мергенчинин жаа атып жаткан сүрөтү, тоо эчкинин элеси жана жазуулар түшүрүлгөн. Бул таштардагы гана жазуулар. Аларды жергиликтүү калк түшүнбөстөн көрөбүз деп келип, айрым жерлерин сындырып кетишкен. Бул таштарды сактап калуу максатында ээн калган жерди ижарага алып, атайын короолоп, айрым көп жазуулары бар таштарга атайын тосмолорду тосуп койдук», - дейт аксакал.

Ал белгилегендей, Союз учурунда бул жерлерде жашаган элдин архитектуралык курулуштары бар болчу.

«Учурда ал курулуштардын 4 даанасы гана калды. Калганын жерди айдоого ылайыктуу кылуу максатында бузуп салышкан. Ал курулуштар атайын план менен жасалган. Биринчи тегиз жерге боз үйдүн ордундай аянтка бийиктиги 40 см чоң таштарды тизип, таштардын үстүнө топурак таштап тегиздешкен. Тегиз болгон жерге дагы бийик кылып, 30-40 см таштарды төшөп, топурак менен тапташкан. Бул бийиктетип тапталган жерлерге боз үй тигип отурукташкан», - деди М.Жаңыбаев.

Анын пикиринде, бул жер убагында саздак болгон. Ошондуктан жердин кыртышын көтөрүп туруп, бийик жерге боз үй тигип отурукташкан же ак сөөк адамдар боз үйдүн ордун атайылап жердин кыртышынан бийик деңгээлге көтөрүшкөн.

«Мындай жердин бетинен көтөрүлгөн атайын жерлер 4 көчө болчу. Ал көтөрүлгөн жерлердин төртөө гана калды. Калганын Союз учурунда айдоо жер кылуу үчүн бузуп салышса, жергиликтүү калк таштарын курулуш иштерине ташып кетишкен. Бул жерлерди мен тарыхый баалуулуктарга бай деп эсептейм. Тийиштүү кызматкерлер бул жерди изилдөөгө алса жакшы болот эле», - деди ал.

М.Жаңыбаев суу чарба тармагында өмүр бою иштеп, бир катар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×