Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.11.2016 08:37

Кара-көлдүк 2 жаш спортчу эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде 3-орунду ээлешти

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин 2 тарбиялануучусу эркин күрөш боюнча өткөн эл аралык турнирде 3-орунду элешти. Бул тууралуу спорттук мектептин жетекчиси Ирина Валиулина билдирди.

Анын айтымында, эл аралык турнир 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин Ош шаарында өткөрүлдү. Анда, спорт мектептин тарбиялануучулары Бекулан Турсунбаев жана Денис Камбаров жакшы жыйынтык көрсөтүп, 3-орунду ээлешти.

Эл аралык турнир Азмет жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналды.

8

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×