Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу 14.11.2016 08:52

Айыл турмушу: Базар-коргондук К.Жунусалиев 40 жылдан бери атасынан өткөн устачылыкты аркалап, уулдарына да үйрөттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылынын 70 жаштагы тургуну Карыбек Жунусалиев 40 жылдан бери устачылык менен алектенет. Ал жасаган буюмдарын сатуу үчүн, «Жаңгак» фестивалындагы жармаңкеге алып келген.

Жаңгак дарагынан жасалган үй буюмдар катуу келип, түбөлүктүү буюм болуп калат, дейт уста. Ата кесибин аркалап келе жаткан уста, өз өнөрүн балдарына да үйрөткөн.

«Менин атам чоң уста болгон. Кичине кезимден тарта атама жардам берип жүрүп устачылык өнөрдүн сырын өздөштүрдүм. Өзүм уста болуп 40-45 жылдан бери эмгектенем. Акыркы убактарда эл арасында үй буюмдарын жасоого көп буюртма түшүп жатат.

Мен буюмдарды жасоодо четин, карагай, жаңгак, ак чечектин дарактарын колдоном. Бул жыгачтар өтө катуу келгендиктен чыдамдуу болушат. Буюмдарды балдарым менен кардарларыбыздын айтканындай кылып жасап беребиз. Чыны, табак, аш такта сыяктуу үй тиричилигине керектелүүчү буюмдарды айылдаштарыбыз бизден сатып алышат. Баалары да чөнтөккө туура келет. Бир даана чыны 200 сомдон башталат. Аш такта, аш табактар 1,5 сомго чейин сатылат»,  - деди уста.

Карыбек мырзанын жашы жетимишти таяп калса да алдуу жана күчтүү. Устанын жасаган буюмдары фестивалдагы катышуучулардын кызыгуусун жаратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×