Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.11.2016 16:29

Жалал-Абаддын жаңгагы чет өлкөлөргө экспорттолууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда өскөн жаңгактардын данеги чет өлкөлөргө экспорттолот. Бул тууралуу экспорттоо иштери менен алектенген ишкананын өкүлдөрү маалымдады.

Алардын айтымында, 2 миң тоннага чейин жаңгак данеги эскпорттолот.

«Биздин уюм 2002-жылы негизделген. Жаңгак мөмө-токоюнун жана айыл чарба продукциясын жакынкы жана алыскы чет өлкөгө экспорттоп келебиз. Атайын чет мамлекеттердин сертификаттарына ээ болгонбуз. 2013-жылы Нидерландия мамлекетинин Амстердам шаарында, өткөн жылы Парижге, быйыл Япониянын Осака шаарына барып көргөзмөлөргө катышып, келишим түзүп келдик.

2013-жылы жаңгактын түшүмдүүлүгү көп болуп, жаңгактын 2 миң тонна данегин экспорттогонбуз. 2014-2015-жылы түшүмдүүлүк аз болууда. Ошого байланыштуу 450 тонна гана жаңгак эскпорттоого жетиштик. Быйылкы жылдын эсебинен 140 тонна жаңгак эскпорттолду», - дешти алар.

Жалал-Абад облусунда 40 миң гектар жаңгак токоюнан жылына 10 миң тоннадан ашык жаңгактын данеги өндүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×