Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 11.11.2016 13:59

Тогуз-Тородо волейбол боюнча райондук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Тогуз-Торо районунда волейбол боюнча райондогу мектептер аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева бүгүн, 11-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, мелдешти райондогу «Таза аалам» жана «Бирдиктүү мекеним - жаштар кыймылы» аттуу коомдук уюмдар уюштурушуп, байге фондун түзүшкөн. Ага 7 мектептин командалары катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунга ээ болгон Матмуса Абдыжапаров атындагы орто мектептин командасына кубок тапшырылды.

Ал эми 2-орунду ээлеген Макмал орто мектебинин волейболчуларына 1000 сом сыйлык, 3-орунга чыккан Эралы Касымалиев атындагы орто мектептин командасына 500 сом ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×