Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.11.2016 17:43

Кара-Көлдөгү көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктарга ээ болушту

Turmush -  Кара-Көл шаарында 7-ноябрда өткөн көк бөрү боюнча мелдеште Кара-Көлдүн «Энергетик» командасы 1-орунду ээлеп, 50 миң сом менен сыйланды. Бул тууралуу Улуттук оюндар боюнча федерациясынын эр эңиш боюнча калысы Камчы Көлбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдешке облустун район-шаарларынан жана Талас облусунан жалпы 11 команда катышты. Жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү.

«Экинчи, үчүнчү, төртүнчү орундарды Токтогулдан келген үч команданын улакчылары ээлешти. Токтогулдун өзүнөн келген улакчылар 30 миң сом, Көтөрмө айылы менен Жаңы-Жол айылынан келген улакчылар 15 миң жана 5 миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Көк бөрү оюнуна жалпы 100 миң сом байге каралган. Ал эми эр эңиш боюнча мелдешке жалпы 12 миң 500 сом каралган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×