Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.11.2016 09:01

Айыл турмушу: Кара-көлдүк ишкер Н.Байбаев 20 кыз-келинди иш менен камсыз кылды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Нурмамет Байбаев үч жыл мурун тигүү цехин ачып, 20 кыз-келинди жумуш менен камсыз кылган.

Н.Байбаевдин айтымында, быйылкы окуу жылында алар 42 балага мектеп формасын акысыз тигип беришкен.

«Бизде тажрыйбалуу технологдор, тигүүчүлөр эмгектенет. Быйылкы окуу жылында Ала-Бука районундагы жана Шамалды-Сай шаарчасындагы мектептердин окуучуларына форма тигип бердик. Биздин максатыбыз мектеп окуучуларын сапаттуу форма менен камсыздоо болуп саналат», - дейт ал.

Алар кийинки окуу жылында Кара-Көл шаарынын окуучуларын мектеп формасы менен толук камсыздоону пландоодо.

«Быйыл ата-энеси жок 42 балага мектеп формасын бекер тигип бердик. Үй-бүлөлүк шарты начар, көп балалуу үй-бүлөлөргө быйыл мектеп формасын 10%дан 30%га чейин жеңилдик менен бердик. Ошондой эле, 200дөй окуучу биздин цехтен мектеп формаларын келишимдүү баада сатып алышты», - деди жеке ишкер.

Н.Байбаев жеке цех иштетүү менен бир жылда 200 миң сомдун тегерегинде киреше табат.

«Бардык чыгымдардан сырткары тапкан таза киреше 200 миң сомдун тегереги болот. Буюрса бул чакан ишкананы дагы кеңейтсем деген максатым бар. Шаардагы кыз-келиндер үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүнү пландап жатам. Мектеп формасынан башка ашпозчу, дарыгерлердин, укук коргоо органдарынын формасын тигип жатабыз. Учурда медициналык кызматкерлердин операцияга кийген халаттарынын биринчи үлгүлөрүн тиктик. Ошондой эле, айымдардын этно стилдеги саркеч кийимдерин, чапандарын тигип жатабыз», - деди Н.Байбаев.

Ал кесиби боюнча экономист. Буга чейин 9 жыл шаардагы мектептердин биринде тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенип, директордун орун басары кызматын аркалаган. Кийинчерээк шаардык оорукананын кадр бөлүмүндө иштеп, учурда жеке ишкерлик менен алектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×