Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 08.11.2016 12:16

Айыл турмушу: Чаткалдагы жалгыз тамадага той өткөргөн райондун эли кезекке турушат (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну Айбек Бекмуратов тойлордо алып баруучунун кызматын көрсөтөт. Ал райондо жалгыз тамада болгондуктан кезекке турган той ээлери көп.

А.Бекмуратовдун айтымында, ал тамадалык кызматты 5 жылдан бери аркалап келе жатат жана айына 50 миң сомго чейин киреше табат.

«Кесибим боюнча архитектормун. Бирок маданият тармагына ыктап калдым. Алгач Ош шаарында тамадалык кызматта тажрыйба топтоп, кийин Чаткалга келгем. Учурда райондогу элдин жакшылыктарын өткөрүү менен алектенем. Тойдун сезону болгондуктан айына 50 миң сомго чейин киреше таап жатам», - дейт ал.

А.Бекмуратов бир тойду алып баруу кызматы үчүн 7 миң сом акы алат.

«Той өткөрүүчүлөр мага 1 ай мурда билдиришет. Кезекке тургандар да бар. Мен барына жетишүүгө аракет кылып, кызматымды элден аябайм», - деди ал.

А.Бекмуратов 27 жашта. 1 уул, 1 кыздын атасы. Ал Чаткал райондук жаштар комитетин да жетектейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×